Тил тандаңыз

Бутүрүүчүлөр Ассоциациясы

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Баардык муундагы бүтүрүүчүлөрдүн боордоштук биримдик сезими дайыма өзүлөрүнүн учуп чыккан уясына тартып турат. Азыркы учурда Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясын уюштуруу демилгеси көтөрүлүүдө, ошол максатта өткөн жылдарда техникумду бүтүп чыккандар жемиштүү жана ыңгайлуу кызматташтыка чакырыла баштаган.

БФЭТтин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы, окуу жайдын баардык бүтүрүүчүлөрүн бириктирмекчи. Мамлекеттик кызматкерлер жана дипломаттар, саясий жана коомдук ишкерлер, финансисттер жана экономисттер, бизнесмендер жана жаш адистер-Ассоциация мүчөсү катары өз техникумунун өнүгүүсүнө үзүрлүү салым кошмокчу. Жыл сайын корпоративдик жана ишкердик иш чараларды өткөрүү пландалууда. Уюмдун иш жүргүзүү тармактарын кеңейтүү менен бирге ар кандай жолугушуулардын жана мааракелердин сапаттык деңгээлин жогрулатып, демилгелүү доолбоорлорду ар тараптан колдоо көрсөтүү аракеттери белгиленүүдө. Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кызыгуулары ар түрдүү болгондуктан, уюмдун иш алып баруусу да ар тараптуу болмокчу. Биздин бүтүрүүчүлөр техникумубуздун сыймыгы!

Бүгүнкү күндө БФЭТ көптөр көздөгөн окуу жайлардын эң мыктысы десек болот. Техникумда 1500 – ашуун студенттер, 8 адистик боюнча билим алып, 100дөн ашык мугалимдер эмгектенип келишет.

БФЭТтин бүтүрүүчүлөрү эл аралык талаптарга жооп берген, сапаттуу билим алып, бизнес жана мамлекеттик структураларда маанилүү орундарды ээлөө менен бирге өз техникумунун көп жылдардан бери калыптанган үрп адаттарын, салттарын сактап жана байытып келишүүдө. Ушундай аракеттерге Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы чоң салым салмакчы. Ассоциация финтехтин бардык бүтүрүүчүлөрүн кесип аркылуу байланышуу гана эмес, жалпы кызыгуулардын негизинде бириктирип турган, дүйнөлүк клубдук кыймылдын тажрыйбасын колдоно билген, уникалдуу уюм болот деп ишенебиз. Дал ушул уюм техникумду мындан ары өнүктүрүү идеяларын жаратып, ишке ашырып турмакчы.

Уюмдун иш жүргүзүү багыттары:

• Корпоративдик иш чараларды уюштуруу: БФЭТтин күнү, бүтүрүү кечелери, жаңы жыл тозуу, бүтүрүүчүлөрдүн формалдык эмес жолугушуулары.
• Ишкердик чараларды көрүү: конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүү.
• Техникумду аяктагандар менен протоколдук иш жүргүзүү: алардын жашоосундагы маанилүү окуяларга байкоо жүргүзүү, туулган күндөрү жана кызматка дайындалышы менен куттуктоо, “Ийгилик тарыхы” долбоорунун алкагындагы жолугушуулар.
• Чет өлкөлөрдө БФЭТти бүтүргөндөрдүн клубдарын ачып, өнүктүрүү.
• Ишке орношууга жардам берүү жана карьералык кеңеш берүүлөр: алдыңкы, жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялар тарабынан тренинг, мастер-класс, презентацияларды өткөрүү.
• Техникумдун өнүгүүсүнө жана Ассоциациянын долбоорлорун ишке ашырууга каражат тартуу ( БФЭТтин өнүгүү фонду, Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын фонду)
• Таланттуу бүтүрүүчүлөргө премия берүү, окуусун жаңы баштап жаткан абитуриенттерге өбөлгө түзүү максатында, техникумду мыкты бүтүргөндөргө сыйлык берүү.
• Бүтүрүүчүлөрдүн мүчөлүк карталарын бонустар менен толтуруу- калыстык прогграммасы, БФЭТтин спорттук борборундагы арзандатуулар, китепкананын фонддору менен колдонуу мүмкүнчүлүгү.
• Басма иштери- окуп бүтүргөндөрдүн каталогун, эскерүү жыйнактарын жана мемуарларды басып чыгаруу.
• Ассоциациянын активдүү колдоосу менен “Финтех” брендин таратуу.
• Ассоциациянын иш аракеттери тууралуу маалыматтарды чыгаруу- Ассоциация жана Инсандык өнүгүү борборунун сайттарын өнүктүрүү, маалымат бюлетендерин жөнөтүп туруу.
• Техникумду аяктагандардын өз долбоорлорун ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүү.
• Кайрымдуулук жана башка социалдык багыттагы иш жүргүзүүлөр- балдар жана карылар үйлөрүнө, ардагерлерге ж.б. жардам көрсөтүү.

Финтехти өркүндөтүү идеясынын алкагында бардыгыңыздарды биригүүгө чакырабыз. Анын келечеги биз менен түздөн түз байланыштуу, анткени ал БИЗДИН ЖАШООБУЗДУН БИР БӨЛҮГҮ! Ошондуктан сиздерди, окуу жайдын келечегине кайдыгер карабагандардын баардыгын биригип иштешүүгө чакырмакчыбыз!

Сиздерди ишенүү менен күтөбүз!

«Ты помнишь?» – раздается то и дело,
«Ты знаешь?» – вторят им со всех сторон,
За дружеским застольем нет пробелов,
Один женат, другой – по-прежнему влюблен.

«Ну надо же, я слышал, кем ты стала,
Тебе благодаря преобразился городок»…
«Ведь двадцать лет прошло – не так уж мало,
А ты – все тот же беззаботный паренек».

Взахлеб звучат признанья, восхищенья,
Воспоминаний задушевных перебор.
Мы окунулись в теплые мгновенья,
Не замечая, сколько лет прошло с тех пор.

Все верят – так и будет продолжаться,
Поддержка делом, понимание роднят.
Мы снова собираемся встречаться,
Пусть годы, словно птицы, вдаль летят.

Нас кто-то спросит: так ли это нужно? –
У всех заботы, семьи и дела.
Но рады мы – финтеховская дружба
В сердцах засела наших навсегда!